Чүй облусунун Беловодск айылдык кеңешинин 23-декабрдагы отурумунда жергиликтүү кеңештин депутаты менен айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары мушташты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан ырасташты.
Маалым болгондой, жабырлануучу Москва райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Материалдар прокуратурага жөнөтүлүп, учурда тергөө иштери жүрүүдө. Алдын ала маалыматтар боюнча, отурумда айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары аткарган иши тууралуу отчёт берип жаткан. Анын жүрүшүндө жергиликтүү депутат менен чиновниктин ортосунда пикир келишпестик чыгып уруша кетишкен.