Орусиянын Москва шаарында үйдүн чатырынан кулап каза болгон Кыргыз жараны боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда SUPER.KG порталына Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Алардын айтуусуна караганда окуя 24-декабрда саат 11:00дөр чамасында болгон.
"Нурбек Матмусаев аттуу 32 жаштагы Кыргыз жараны Москва шаарынын Кабельная-2 көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин чатырындагы карды тазалап жатып кулап кетип каза болгон. Ал ошол жерде көчө шыпыргыч болуп иштеген. Учурда бул иш боюнча полиция кызматкерлери тарабынан иликтөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Айта кетсек, буга чейин Орусиянын басылмалары Москва шаарында Кыргыз жараны үйдүн чатырындагы карды тазалап жатып кулап кеткени тууралуу жазып чыгышкан эле.