"Сентябрь" телеканалынын иши карала турган соттук отурум башка күнгө жылдырылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Алардын айтуусуна караганда, отурум 27-декабрда уланмакчы.
"Сентябрь" телеканалынын өкүлүнүн ишеним катына компаниянын генералдык директору эмес, анын жардамчысынын колу коюлуптур. Сот аны туура эмес деп таап, кийинки жолу телеканалдын өкүлүнүн ишеним катына генералдык директордун колун койдуруп келүү талабын коюп отурумду жылдырган", - деп билдиришти мекемеден.
Айта кетсек, Башкы прокуратура сотко 2016-жылдын 29-сентябрында Абдылда Капаров аттуу жаран Жалал-Абадда "Сентябрь" телеканалына 2010-жылдагы Ош окуясы тууралуу маек берип жатып, улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган пикирин айтканын жүйө келтирип телеканалды жабуу өтүнүчү менен кайрылган. Сот Башкы прокуратуранын өтүнүчүн карап, 2017-жылы 22-августта каналдын ишмердүүлүгүнө тыюу салган. Чечим күчүнө киргенден кийин аталган канал ишмердүүлүгүн токтоткон. 13-ноябрда "Сентябрь" телеканалынын жетекчилиги Биринчи Май райондук сотунун чечиминин үстүнөн кассациялык арыз менен Жогорку Сотко кайрылган.