Бишкек шаардык соту күйөөсүн жиликтеген Айдай Субановага чыккан Октябрь райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына соттун басма сөз кызматы билдирди.
"Тергөө иштердин башында Айдай Субанова карама-каршы көрсөтүүлөрдү берип, жаза тартуудан кутулуп кетүүнү көздөгөн", - деп айтты басма сөз катчысы.
Эскерте кетсек, 2015-жылы 14-августта Бишкектин 5-кичи районунда таштанды челектеринин биринен эркек адамдын дене бөлүктөрү: кесилген колдору жана буттары табылган. Анын эртеси өлтүрүлгөн адамдын башы Фучик көчөсүнөн, чемоданга салынган денесинин дагы бир бөлүгү борбордогу чайканалардын биринин жанынан табылган. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү катары маркумдун аялы кармалган. 2016-жылы 14-октябрда Октябрь райондук сотунун чечими менен Айдай Субанованын күнөөсүн моюнуна албаганы жоопкерчиликтен качуу катары бааланып, 16 жылга эркинен ажыратылган.