Диего Марадонанын рекордун футболчу Марек Гамшик жаңылады

Италиялык "Наполи" клубунун футболчусу Марек Гамшик аргентиналык белгилүү футболчу Диего Марадонанын рекордун жаңылады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышат.

Маалыматка караганда, Италия чемпиондугунун 18-турунун алкагындагы "Наполи"-"Сампдория" беттешинде Гамшик гол киргизгенге үлгүргөн. Муну менен ал "Наполи" клубунда өткөргөн карьерасында 116-голду киргизип, аталган клубдун мыкты бомбардири болду. Бул жыйынтык менен Гамшик Марадонаны рекордунан ашып өттү.

Айта кетсек, Марек Гамшик "Наполи" клубунда 2007-жылдан баштап ойноп келүүдө. 2017-2018-жылдын сезонунда жарым коргоочу 2 гол киргизген.

"Наполи"-"Сампдория" беттеши 3:2 эсебинде аяктаган, бардык голдор алгачкы таймда киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
murat17
2017-12-25 21:28:46
супер марек гамшик
+1
karakulja
2017-12-25 21:32:35
Атына заты жараша
+2
pixduel1
2017-12-25 21:34:15
Гамшик))))
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан