Баткенде катуу шамал жүрүп бир нече үйдүн жана бир мектептин чатырлары зыян тартты

Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунда катуу шамал жүрүп бир нече үйдүн жана бир мектептин чатырлары зыян тартты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алардын айтуусуна караганда, катуу шамал 25-декабрга караган түнү саат 2:30 чамаларында катталган.

"Лейлек жана Баткен райондорунун аймактарында катуу шамал катталып, шамалдын ылдамдыгы секундасына 14-16 метрге жеткен. Натыйжада Лейлек районунун Сумбула айыл аймагына караштуу Көкташ айылындагы Бабасаттаркулов атындагы орто мектебинин спорт залынын чатырынын бир бөлүгүнүн шифери, очокканасынын жана көмүрканасынын чатырлары жараксыз абалга келген. Ошондой эле Баткен районунун Дара айылындагы 3 үйдүн шиферлерин шамал учуруп жараксыз абалга келген", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Totyua.71.
2017-12-26 07:04:56
кудай сактаптыр!
+1
munira-tilen
2017-12-26 08:58:39
Аран турган окшойт ко озу деле
0
Derzki_kyrgyz
2017-12-26 10:31:27
Түнүке какккыла:))
0
Derzki_kyrgyz
2017-12-26 10:31:47
Өзү жакшысы шифер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан