Түркиянын Бодрум аймагындагы Мугла шаарында 21-декабрда Кыргыз кызы сойкулук менен алектенип кармалгандар менен кошо колго түшкөн. Мындай маалыматты түркиялык Хаберлер маалымат агенттиги жазды.
Бодрум районунун коопсуздук башкармалыгы тийиштүү операциянын алкагында мейманканалардын биринен сойкулук менен алектенип жүргөн 3 кызды кармашкан. Алар Орто Азиянын жарандары: 28 жаштагы түркмөнстандык С.С., 19 жаштагы Кыргыз жараны М.А. жана 22 жаштагы казакстандык О.А. болушкан. Алар кармалгандан кийин суракка алынышкан.
Маалыматта белгилүү болгондой, кыздар Бодрум курорттук аймагына эс алууга барышып, акчалары түгөнүп калган. Эс алууну улантууга акча табуу үчүн алар сойкулук менен алектенип жүрүшкөн.
Кармалгандар тиешелүү тартипке ылайык, Түркиядан өз өлкөлөрүнө депортацияланышкан.
Маалымат үчүн: Эгей деңизин бойлоп жаткан Түркиянын Бодрум курорттук аймагы башка шаарларга караганда абдан жандуу район катары таанымал. Бодрумдун "түнкү жашоонун борбору" деген да аталышы бар. Аталган аймакта башка жактарга салыштырмалуу түнкү клуб, бар, ресторан жана дискотекалар өтүүчү сайран борборлору рекорддук жыштыкта жайгашкан. Аталган аймакта полиция тыкыр көзөмөл жүргүзгөнү менен ар түрдүү окуялар байма-бай кездешип турат. Мыйзам бузган чет өлкөлүк жарандар дароо өлкөдөн чыгарылып же тартип бузуунун оордугуна жараша ички мыйзамдарга ылайык жаза алышат.