Бүгүн Бишкек шаардык сотунда Аида Салянованын иши каралат

Бүгүн, 26-декабрда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын иши каралат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Салянованын жактоочусу Чынара Жакупбекованын жардамчысы билдирди.

Анын айтуусуна караганда, соттук отурум бүгүн, 26-декабрда саат 9:30да уланат.

Андан сырткары ал Жакупбекова ооруп отурумга келе албастыгын айтып, соттон отурумду башка күнгө жылдырууну өтүнгөндүгүн айтты. Бирок сот анын отурумга келүүсүн талап кылып, келбесе Саляновага мамлекеттик жактоочу берилип, отурум улантыла тургандыгын билдиргендигин кабарлады.

Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 10-октябрда Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Baatirbek81
2017-12-26 06:41:44
Түшкө жетпей бирөңөр ооруп калгылада эртеңкиге жылдыралы
+2
Samina007
2017-12-26 07:55:47
Санта Барбара болуп кеттиго бул жагы,биздин соттор "интрига"кылаберип.кийинки сериясында көрөбүз калганын)))))
+1
Ermekbai
2017-12-26 10:42:22
Э бу Аида депутатты жумуштан калтыратурган болдуңарго күндө эле чакыра берип.
0
gute
2017-12-26 12:14:34
Ermekbai, Жумушка барса деле кыйраттып иштейт дейсинерби депутаттарды. Андан коро убакыт откоруп жургону жакшыда буларга ооруп калдым деп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан