Москвадагы автобус сүзүп кетип каза болгондордун аты-жөндөрү такталууда. Жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок

Кечээ, 25-декабрда Москва шаарында катталган кырсык боюнча териштирүү жана иликтөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары полицияга шилтеме берип жазууда.
Кырсык катталган аймакта ыкчам кызматы иш алып барды. Окуя жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:00 чамасында орун алган. Айдоочунун версиясы боюнча, автобус айдоочунун башкаруусунан чыгып, тайгаланып барып аялдамада турган жарандарды сүзгөн. Андан соң токтоно албай калып автобус менен кошо метрого барчу жер алдындагы өтмөккө кирип кеткен.
Шаардын ооруканасында 9 адам медициналык көзөмөлдө. 2 адам медициналык жардам алуудан баш тарткан. Ошондой эле окуя болгон жерден 4 адам каза болгон.

Каза болгон 4 адамдын биринин аты-жөнү такталып, үчөөнүкү белгисиз. Алар Москва шаардык мэриясынын порталына жарыяланды.

Алар:

— Михайлова Елена Геннадьевна, 38 жашта;

— белгисиз, болжол менен 45 жаштагы аял;

— белгисиз эркек киши;

— белгисиз, 18 жаштар чамасында, эркек бала.

Ал эми жабыркагандардын баары жергиликтүү тургундар болгон, арасында Кыргыз жарандары жок.
Москвада автобус кишилерди сүзүп жер алдындагы өтмөккө кирип кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
FIFA7
2017-12-26 02:27:43
Кыргызстандан жок эле болсун, ато кырылып кала турган болдук.
+11
Kirajsjk
2017-12-26 02:32:26
Ooba kirgizim kaiakta bolsonor aman bolgula.oorubaili,boodo kirsiktardan saktai kor,alakandai kirgiz elimdi.
+8
Bolotbek1991
2017-12-26 06:21:25
Токтоп туруп эле тепсеп кетиптирго теракт эмес бекен
+5
Krai
2017-12-26 07:36:56
Кызык эмнеге ал жака айдады экен атайылап эле айдагандай го
+4
Artur555
2017-12-26 09:41:26
Автобустун айдоочусу Кыргыз болуп же Кыргыз жараны болуп калганда Орустар теракт деп айтышмак, орус Ммкалары жазып чыгышмак терорист из Киргизии деп
+7
pyeon hwa
2017-12-26 10:05:03
токтоп эле турган жеринен атайылап сузгондой
+2
Kuyoo_bala
2017-12-26 10:14:35
Метро Славянский бульвар экен
+1
Lada2115
2017-12-26 13:52:15
Улуту ким экен автобус айдаган
-1
yasmina_kg
2017-12-26 19:09:25
Айдоочу орус болсо да,мусульман эмес болсо да нерусскийлерди жамандап жатышат кайра эле,орустары. Мигрант айдоочулар коп,тормозун бир нерсе кылыштыбы,же исламист кылышканбы,окутуп деп. Террор болгонун жашырып жатат деп. Яя айта берсе коп. Орустар дайыма кылыктарын башкаларга илип,жаман корсотушот. Кандай болсо да булар эч качан биздин чыныгы досторубуз болбойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан