Кубада Рождество майрамына карата атылган фейерверктен 22 адам жабыркады. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда. Маалыматка ылайык, жабыркагандардын ичинен алтоо 11 жаштан 15 жашка чейинки балдар.
Майрам белгиленип жатканда жабыр тарткандар ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер алардын көбүнүн абалы өтө оор деп билдиришкен.
Буга чейин маалымдалгандай, кечээ, 25-декабрда 1 миллиарддан ашуун католиктер Григориан жыл санагы боюнча Иисус Христостун туулган күнүн, башкача айтканда, Рождество майрамын белгилешкен. Азиянын, Американын, Европанын 100дөн ашуун өлкөлөрүндө 26-декабрга караган түнү чиркөөлөрдө ар кандай майрамдык салтанаттар болуп өттү. Христиандар үчүн эң ыйык майрамдардын бири болгон бул күнгө дүйнө жүзүндө өзгөчө көңүл бурулат.