Интернетке этникалык кыргыздарды ур-токмокко алып жаткан жергиликтүү кыргыздардын видеосу тарады

Интернетке Кыргыз өлкөсүнүн кайсы бир жеринде этникалык делген кыргыздарды ур-токмокко алып жаткан өспүрүмдөр тартылган видео тарады. Учурда ал социалдык тармактарда талкууга алынууда.

Видеодо көрсөтүлгөндөй, окуя күн жылуу мезгилде эле тартылган. Анда бир топ жергиликтүү кыргыз балдар этникалык кыргыздарды ур-токмокко алып, аёосуз сабап жатканын көрүүгө болот.

Видео интернетке тараганда ал төмөнкүдөй текст менен коштолгон:

Баарыбызга маалым, эгемендүүлүктөн кийин Кыргыз-Тажик чек арасында, тагыраак айтканда, Жерге-Тал районунан көптөгөн этникалык кыргыз жердештер көчүп келишкен. Алар Чүй облусунун айылдарында жайгашкан.

"Местный" балдар аларды көргөн жерден тоноп, сабашат экен. Бул басынтуулардан жана токмоктон улам этникалык кыргыз жердештер мектепке, окууга баруудан да качып келишет экен.
Бул сыяктуу окуялардын себепкерлерин ачыкка чыгарып, бул айбанчылыкка, бөлүнүүгө чекит коюуга көмөк берсеңер боло?! Өзгөчө 8-9-класста башталат экен бул кордоолор. Ошондуктан 9-классты эптеп бүтүрүп мектептен жана айылдан узак жакка кетүүгө аракеттенишет экен.

Улуулар көп жакка кайрылса да жыйынтык ала албагандыгын айтышууда… Бул акыбалды оңдоо баарыбыздын колубуздан келет деп ойлойм. Окуя Панфилов районунун Чалдовар айылында болууда деп билдирилди”.

Мындай маалымат жазылганы менен окуя өлкөнүн кайсы аймагында болгону тийиштүү органдар тарабынан официалдуу так айтыла элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (32)
Okunboim.
2017-12-26 12:08:16
Келгени учун окунушпосун (((((
+3
ilgizk
2017-12-26 12:16:35
Шаарга чыкпаган текелер да, айылында атамандар
+7
Dalil
2017-12-26 12:19:13
Жазасын алсын күнөөлүлөр. Кыргызды кыргыз бөлгөн жапайычылык.
+4
Nanei
2017-12-26 12:34:08
Мындай турлору менен эми памирлик кыргыздапды сабай башташпаса болду,жапайылар.
+6
Nanei
2017-12-26 12:37:21
Видеосун кай жерден корсок болот???
+1
admin_superstan
2017-12-26 12:42:09
Nanei, саламатсызбы! Кабарда видеого шилтеме турат.
+2
bond02
2017-12-26 12:49:28
Ай кыргыздар кыргыздар, бул балдар деле кыргыз каныбыз бир тушунбойсунорбу ошону? Озубуздун жерде ушинтип жатсанар чет жерде журуп чет жердеги боордоштордон эмне жакшылык кутобуз.
+4
suban78
2017-12-26 12:58:39
Россияга келип бир тажикке суйлой албайт мындайлар. Коркоктор гана ушинтип короз болушат.
+5
Almaz75
2017-12-26 13:13:31
Азаттыкта бул тасма 2016 жылы февраль айында тартылган деп жүрөт,фебраль айга окшобойт го,футболкачан жүрүшөт.
0
falkao
2017-12-26 13:17:22
Кыргыздар уйундо бири бирине эле кыйын. Четке чыкса бурушуп бир улутка унчуга албайт корголоп.
+3
Medina87
2017-12-26 20:46:46
falkao,
Уйдо баатыр жоодо жок- денизчи))))
+1
Saidochka
2017-12-26 13:33:09
Уйдо баатыр,жоодо жоктор,.жазалансын!
+2
meni_kut
2017-12-26 14:27:02
Токмокто уйгур ,дунгандар толуп кеткен.Алардан коркушат кыргыз балдар.Себеби уйгурлар уюмдуу ка́лк
-2
trabzon11
2017-12-26 21:23:30
meni_kut,эмнеле постаяна кыргыз
Балдар деп жамандаганын жамандаган.
Очун барбы же
-2
KGstan1981
2017-12-26 15:07:08
Озу кечиресиздер каттуу айтсам капа болбойсунар.Чуйго барып калсан Оштук с..т деп маскаралашат,тоготушпайт.Озу Чуйдогулор апасыны мама,атасыны папа,мектепти школ деп суйлогондору менен иштери жок.Качан кыргыздар биримдиктуу болот экенбиз.Мына Кызыл-Кыяда мин деген Жерге-Талдык кыргыздар жашашат эч ким аларга кол которбойт жана болушпойт.
+5
Bekzamann
2017-12-26 15:43:20
Кыскасы оозго ак ит кирип кара ит чыкканча согойун дейсин баарибир пайда жок..
+2
al-abu-kinesz
2017-12-26 18:25:50
Ушул местныйсынган короздорду 1 айга Жерге-Талга лагерьге алып барыш керек. Келгенде кайрылмандар менен ыйлап корушо турган болушат
+4
RaHat19
2017-12-26 23:05:13
бул кутурган иттерди атпаса улам бироону каап алат.Озубузго зыяны тийет укук коргоочулар ушуга чара коруп бергиле.кыргыздар баары бир тууган унутпагыла ансыз деле аз эл экенбиз
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан