Ош шаарындагы өрттөнгөн үйдөн адамдын күйгөн жансыз денеси табылды. Ал киши колдуу болуп каза болгон. Мындай маалыматты Ош ШИИБинин маалымат кызматы кабарлады.
"25-декабрдан 26-декабрга караган түнү болжол менен түнкү саат 02:40 чамасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө Ош шаарынын Ош көчөсүнүн 100-үйү өрттөнүп жаткандыгы тууралуу кабар келип түшкөн.
Кырсык болгон жерди кароо учурунда ал жерден 1956-жылы туулган Октам А. аттуу үй ээсинин күйүп кеткен денеси табылган. Анын жубайы 1961-жылы туулган аял "Тез жардам" кызматы аркылуу Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.
Каза болгон маркум Октам А.нын денесин кароо учурунда, анын денесинде, беттеринде соккудан улам болгон тактардын жана сол көкүрөк тушунда миздүү нерсенин кирген изи бар экендиги аныкталган. Маркумдун киши колдуу болуп каза болгондугу аныкталган.
Маркумдун жубайынын алгачкы кѳрсѳтмѳсүнѳ караганда, түн ичинде болжол менен саат 01:20 чамасында белгисиз бир нече адам үйгѳ киришип, жарыкты өчүрүп, күйөөсүнөн акча талап кылышкан. Ал эми аялын бир нече ирет урганда ал эси ооп жатып калган. Үйгө кирип келгендер аны өлүп калды деп ойлошуп, күйөөсүн сабап, үйгө от коюп туруп кетип калгандыгын айткан", - деп жазылат басма сөз кызматынын маалыматында.
Учурда бул өзгөчө оор кылмыштын бетин ачуу боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду.