Сотто прокурорлор Канат Исаевди 20 жылга эркинен ажыратууну суранышты

Прокурорлор Канат Исаевди 20 жылга эркинен ажыратууну өтүнүштү. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда SUPER.KG порталына Исаевдин жактоочусу билдирди.

Анын айтуусуна караганда, бүгүн, 26-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин иши каралган. Анда тараптардын жарыш сөзү орун алып, айыптоочу тарап Канат Исаевдин мүлкүн конфискациялоо менен бирге күчөтүлгөн тартипте 20 жылга эркинен ажыратууну өтүнүшкөн.

Ошондой эле жактоочу соттук отурум 28-декабрда улана турганын айтты.

Эскерте кетсек, Исаевдин Биринчи Май райондук сотунда дагы бир иши каралып жатат. Ал 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда "пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп айыпталууда. Анда Исаев 2009-жылы Токмок шаарынын мэри болуп турганда 8 гектар жер тилкеси жатаканасы менен бирге 3 миллион 200 миң сомго сатылганы соттук териштирүүдө айтылган. Бирок мамлекет тарабынан түзүлгөн эксперттик топ 2016-жылы экспертиза жүргүзүп, мүлктүн баасын 17 миллион сомдон ашык акчага баалаганы маалым.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Rifle_I
2017-12-26 14:00:18
Саясаттык оюн.
20 жылды каяктан ойлоп табат ?
+1
gute
2017-12-26 14:06:32
Шамал болбосо чоптун башы кыймылдабайт дейт.
Убагында бул деле жедида болушунча
+1
TalaCSKA
2017-12-26 14:53:02
Мейли куноосу болсо соттолсун.негизи эле мурдагы азыркы чиновниктерди жана депутатарды соттосонор эл эч качан каршы болбойт бирок 20 жыл эмне деген шумдук !?еще полная конфискация имуществ дейт бул полная уничтожение его как человека и как личность! бийликке каршы чыккандарды эле эмес бут коррупционерлерди соттосонор боло!жалан бийликке каршы чыккандарды соттоп статистиканы которуп койуп бийликтин кишилерине соз айтпайсынар.о кудай деги адилет заман келер бекен Кыргызстаныма ?
+1
raikakyz
2017-12-26 16:24:29
Оозум бар деп каалаган жылды бере турган болдунар ээ соттор!Куноосу болсо мейли жазалансын,бирок,20 жыл денинер очойот го.Педофилдерге эмнеге ошончо жыл бербейсинер? Кечээки Колдогу 4 адамды шейит кетирген кызга эмнеге шарттуу 10жылга кетиресинер.Мына мына жарык дуйнону кором деп келе жаткан ымыркайдын убалын ойлобойсунарбы!Кайтаар дуйно! Бугунку соттор! Силер да корруцияга белченерден баттынар.Озунор да качандыр бир кезде 10.20 жыл абакта отуруп калышынардан этият болгула да.
0
Azat.97
2017-12-26 16:43:44
raikakyz,Куноосу болсо туура эле 20 жыл.Бул да убагында жепжутар болгон да.
+1
narbek
2017-12-26 20:17:07
20жыл бергидей адам жиликтедиби.Прокурор озуна келгенин отой береби
+1
narbek
2017-12-26 20:23:56
20жыл деб акча тилеп атышат акча берсе 2же3 ошо баягы эле
+1
aydinnur
2017-12-27 02:43:49
Эң туура бул кишини эчак эле соттош керек эле, иштеп кеткен жерлерин бүт мойсогон ((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан