Бүгүн, 26-декабрда Бишкек шаардык сотунда депутат Аида Салянованын кылмыш иши боюнча соттук отуруму уланууда. Соттук коллегия түшкү тыныгууга чейин жалпы 7 томдон турган иш материалдардын 4-томуна териштирүү жүргүзүп, калган 3 томду тыныгуудан кийин кароону чечти. Бүгүн иш материалдар териштирилип бүткөн соң Саляновага акыркы сөз берилип, соттун өкүмү угузулушу мүмкүн.
Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 10-октябрда Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган.