КИНОЗАЛ: Эксклюзив! Бир туугандардын башынан өткөн чуулгандуу окуялар баяндалган "Тиги-бу" кинокомедиясы SUPER.KG порталында

SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмүнө актёр жана "тамашоучу" Эмил Эсеналиев менен Азим Касымов режиссёрлук кылган "Тиги-бу" кинокомедиясы кошулду. Башкы каармандардын образын Эмил Эсеналиев менен Мурат Жалиев аткарган бул тасмага Самат Эркинбеков, Шумкар Бейшенбеков, Алтынбек Ысакбаев жана башкалар тартылышкан.

Фильм эки бойдок жигиттин интернеттен таанышкан кызга жолугушууга барышы менен башталат. Андан соң бойдок жигиттер менен көчөдөгү тентек жигиттердин ортосунда түшүнбөстүк чыгып, тамашалуу чырга айланат. Ошентип окуянын жүрүшү өнүгөт. Фильмдин соңунда аталган жигиттер бир тууган болуп чыгышат.

Кинонун продюсери Нурлан Жаныбековдун айтымында, тасма 1,5 айдын ичинде Бишкек жана Ош шаарларында тартылган.

"Тасманы тартууга 20 миң доллар каражат кетти. Фильмдин өзгөчөлүгү башкы каармандар кинонун башынан аягына чейин бир гана кийим менен аткарышат. Башкы каармандын образын 2 адам чагылдыргандыктан "тигил же бул" деген тандоо болот. Мындан улам аталышы "Тиги-бу" деп коюлган. Бир эпизоддо Эмил менен Муратка салттуу эмес ориентациядагы эркектер тийишет. Ошол учурду тартууда сценарийде жок нерселер пайда болуп, өзүбүз ойлогондон таптакыр башкача кылып тартып салганбыз. Менимче, тасманы көргөндөргө дал ушул эпизод көбүрөөк күлкүлүү болсо керек", - дейт продюсер.

"Тиги-бу" тасмасын көрүү үчүн шилтеме.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
gute
2017-12-26 16:40:03
Коруп коройунчу кандай кино болду экен
+3
akyl_fc.bd
2017-12-26 16:55:09
Эмил катышкан кинону сөзсүз көрүш керек ☺
+2
sabirdinovich
2017-12-26 18:22:35
Кинонун аягын айтпай эле койсоңор болмок, эми кызыксыз болуп калды.
0
Isco23
2017-12-26 19:17:33
Супер инфо азаматсынаааар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан