Атактуулардын жаңы жылдык сүрөттөрү

Жаңы жылга аз эле убакыт калгандыктан көпчүлүк майрамга даярдануунун үстүндө жүргөн мезгили. Ал эми атактуулар эски жылдын акыркы күндөрүндө жагымдуу көз ирмемдерди сүрөткө түшүрүп, өздөрүнүн күйөрмандары менен бөлүшүп жаткан чагы. Жаңы жылдык маанай тартуулаган сүрөттөргө көз чаптыралы.

Жаңы жылдык иш-чаралардан колу бошобой жүргөн ырчылар иш арасында сүрөткө түшкөнгө жетишип, өз күйөрмандарын кубантышууда. Алардын ичинде белгилүү ырчы айым Анжелика да бар. Үй-бүлөсүн жана чыгармачылыгын бирдей алып жүргөн ырчы мезгилден артта калбай, балатынын алдында түшкөн сүрөтүн жарыялады.

Бир кыздын атасы, эстрада ырчысы Ильяз Андаш да 2017-жылдын эсебинен үй-бүлөсү менен биргеликте майрамдык маанайда сүрөткө түшүп, өзүнүн жеке баракчасына жарыялады.

Алгачкы жолу жылдын негизги майрамын өз өлкөсүндө эмес, Түркиядан тосом деп камынып турган жаш ырчы Айымжан Айылчиева да атайын сүрөтчүнүн кызматын колдонуп, жаңы жылдык фотосессия уюштурду. Ырчы быйылкы жылы жакындарын Жаңы жылда чет элден алып келген белектери менен кубандырам деген ойлору бар экенин айткан.

Белгилүү "тамашоучу", тамада Кубат Кубанычбековдун үй-бүлөсүнө суктангандардын саны арбын. Көпчүлүктүн көңүлүн дайыма окшош кийинүү менен өзүнө бурган жубайлар бул ирет да салтынан тайбай, сүрөткө окшош кийимдер менен түшүшкөн.

"Non-Stop" дуэтинин мурунку солисти Максат Садырбеков жакында эле коомчулукка өзүнүн сүйүктүүсүн дал ушул Жаңы жылдын алдында атайын түшкөн сүрөттөрү аркылуу тааныштырды. Мээримдүү көз караштары менен бири-бирин карап жаткан түгөйлөрдүн сүрөтү көптөрдүн суктануусун жараткан.

Жаш ырчылардан артта калбаган Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева майрам алдында өзүнүн кызы менен биргеликте сүрөткө түшүп, Инстаграм баракчасына жарыялаган. Кызынын музыкалык билим алуусуна шарт түзүп, чыгармачылыкты таанытып жаткан ырчы айымдын кызы Аэлита менен чогуу түшкөн сүрөттөрүнүн саны арбын.

Чыгармачылыгынан да жеке жашоосу көпчүлүктү кызыктырган жаш ырчы Асел Кадырбекова да социалдык тармактагы баракчасына күн сайын ар түрдүү сүрөттөрдү жүктөп, баракчасына жазылган интернет колдонуучуларын кубандырып турат.

Жаңы жылдык кечелерден колу бошобой, жылдызы жанып турган жаш ырчылардын бири Нурлан Насип өзүнүн күйөрмандарына майрамга карата түшкөн сүрөт тартуулай элек. Бирок ырчы бул жаатта такыр эле куру жалак калган эмес. Ырчынын "Супер-Инфо" гезитине Айымжан Айылчиева менен маек берип жаткан учурундагы сүрөттөрү бар.

Тал чыбыктай ийилген бийчи кызды жандаган рэп аткаруучу Баястан жыл аягында ушул жылы жолуктурган сүйүктүүсү менен биргеликте бактылуу көз ирмемдерди сүрөткө сактап коюуну туура көргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
madrid7000
2017-12-27 23:48:02
Атактуулар
+2
nargiz94
2017-12-27 23:55:13
Баястан, Асел, Айымжандын артындагы фондор бир эле го. Же бир фотографты колдонушканбы баары...
+11
Jyrgal_msk
2017-12-27 23:56:13
Акчалуулар
+3
aselushka
2017-12-28 00:14:54
Фонограмщики
+14
aman0296
2017-12-28 00:46:54
Биздин деле суротторду чыгарсанар, атактуу эместер деп
+13
Juliakalt
2017-12-28 01:19:02
aman0296, )))))))
+1
o.aza
2017-12-28 01:11:53
Атактуулар десе шашып кирип окуптурмун.
+4
prenses
2017-12-28 02:34:31
Kubina bez makiyaja takaya milaya 12 jash kizdardai bolup. Biroo jaziptir fuu kubina dep. Boordu ezbechi je kozun korboi baratsa kerek.taanimal ayimdardan bir kana kubina bez makiyaja juro alat i baarinan suluu bez make up
-7
prenses
2017-12-28 02:35:09
Nurlan jani toshokton turgansip kantet:)
+2
prenses
2017-12-28 02:36:38
A Maksatka taarindim:((( cholpon ekoonun bir bolboi kalganina ayabai kaalochu elem ekoonun uilongonun
-2
prenses
2017-12-28 02:37:42
İiii bultushka ilyazdin kizi tim ele soonun maşaallah papina kopiya baktiluu bolot go
+6
zoloto61
2017-12-28 05:59:30
Ильяз Андаштын кызы озунун ксерокопиясы экен.Атасына окшогон кыз бактылуу болот деп коет эмеспи.Кызы бактылуу,омуру узуун,акылдуу,эн башкысы ыймандуу кыздардан болсун!!!

+5
Aza17
2017-12-28 06:00:26
Байкуш Асел мамалак м.н калыпкетиптиргоо
+13
zoloto61
2017-12-28 06:02:18
Анжелика как всегда супер!!!Так держать дорогая!!!
-16
Nevestkaa
2017-12-28 09:26:45
Андаштын кызы өзүнүн эле көчүрмөсү го.Илгеркилер айткандай өзү эле кусуп төрөп алгандай.Быйтыйып отурушун
+3
admin_superstan
2017-12-28 10:01:11
prenses, love.me.again, адамды кемсинткен билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат. Эскертүү!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан