26-декабрда Жалал-Абадда жана Ысык-Көлдө унаа жолдорго кар көчкү түштү. Унаа жолдор убактылуу жабылып, кайра ачылды. Мындай маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, бүгүн таңкы саат 06:00 чамасында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда Каракол-Эңилчек унаа жолунун 76-80-82-чакырымдарында жалпы көлөмү 2800 метр куб кар көчкүсү түшүп, унаа жолду жаап калган.
Тазалоо иштери №11-жол тейлөө ишканасынын техникалары менен ишке ашырылып, саат 10:00дө унаа жолдогу кыймыл калыбына келген.
Ошондой эле Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунда да кар көчкү түшкөн. Табият кырсыгы түнкү саат 03:00 чамасында аталган аймактын 73-75-чакырымында көлөмү 1500 метр куб кар көчкү түшүп, унаа жолу жабылган.
Тазалоо иштерине №27-жол тейлөө ишканасынан 1 даана жүктөгүч, 1 даана бульдозер тартылып саат 06:30да кар көчкү тазаланып жол каттамы ачылган.
Жабыркагандар жок.