Киберспортчу Жамиля Алагозова: "Байге фонду 52 миң долларды түзгөн мелдешке даярданып жатам" (маек)

Кичинекей кезинен компьютердик оюндарга кызыгып, агалары менен бирге ойноп чоңойгон Жамиля Алагозова киберспорттук "SFT e-Sports" уюму менен келишим түзгөн. Ал SUPER.KG порталына ата-энесинин тарбиясы, алардын кызынын кесибине болгон көз карашы, компьютердик оюндар жана жаңы тапкан командасы жөнүндө айтып берди.

- Саламатсызбы, Жамиля? Алгач өзүңүз жөнүндө жана киберспортко кантип келип калганыңыз тууралуу айтып берсеңиз?

- Салам, мен 18 жаштамын. Бишкек шаарында жашайм. Бала кезимден эле компьютердик оюндарга кызыгуум бар болчу. Агаларым менен чогуу ойночубуз. 2012-жылы "Counter-Strike 1.6" компьютердик оюну пайда болгон, бул оюнда өзүмдү сынап көрүүнү каалагам. Башында агаларым менен 2 компьютерди локалдык тармак менен байланыштырып ойночубуз. Кээде агаларым достору менен чогулуп алып компьютердик клубдарга барчу, мен кичинекей болгондуктан ээрчитишчү эмес. 2013-2016-жылдары биздин жергиликтүү интернет аркылуу ойной турган "TLS PRO" тармагында ойноп жүрдүм. Кийинчерээк "Counter-Strike 1.6нын" заманы бүтө баштаганда көнүп калган оюнумду башкага алмаштырууну чечтим. "Counter-Strike: Global Offensive"(CS:GO) оюнуна өттүм. Ошол убакытта өзүмдү профессионалдуу оюнчу катары сезчү эмесмин, жөн гана досторум менен ойноп жүргөм. Кийин бул багыттагы профессионал оюнчулар тууралуу билип, аларга кызыгуум күчөдү.

Мен профессионалдуу киберспортко өтүүнү максат кылдым. "CS:GO" оюнун 2016-жылдын июль айынан тартып ойной баштадым. 2017-жылдын апрель айында аны жогорку деңгээлде өздөштүрүүгө үлгүрдүм.

- "SFT e-Sports" киберспорттук уюмун кантип кездештирип калдыңыз?

- Мен машыгуу үчүн көптөгөн кыздар менен ойнодум, бирок кыздар эркектерден көрө албастыгы менен айырмаланышат. Айрым кыздар менен ынтымактуу ойной албай койдук. Эркектер менен ойноп жүрүп көнүп калган үчүн, кыздарга көнүш үчүн абдан көп убакыт короттум. Ошол кезде Дарья Перова (каймана аты "sapphire") менен таанышып калдым. Ал мурун өзүнүн командасы менен дүйнө рейтингинде 5-орунда болгон. Мен Дарьядан көп нерсени үйрөнүп, экөөбүз жакшы иштеше аларыбызга ишендим.

Негизинен атайылап уюм издеген жокмун. Жөн гана бир команда менен жакшы ойношуп, кыздардын киберспортуна кирүүнү каалагам. "SFT e-Sports" уюмуна кокустан жолугуп калдым. Бул уюмду жактырып жүргөм жана өзүбүздүн күчүбүздү сынап, өз каалоомду билдирдим. Учурда командабыз менен чогуу ойноп, машыгып жатканыбызга 2 ай болду.

- Командаңыз тууралуу айтып берсеңиз?

- Биздин командага КМШ өлкөлөрүнөн кыздар чогулган. Баарыбыздын тилегибиз бир, жогорку деңгээлдеги оюнду көрсөтүп, мелдештерди жеңүү. Командадагы кыздар түрдүү улуттан болгону менен биздин тилегибиз бир, ошол бизди бириктирет.

Мен бул курамга кошулуп калганыма абдан кубанычтамын. Оюндар жана тажрыйба алуу онлайн түрүндө өтүп жаткандыктан аларды көрө элекмин. Чогулууну тандап алуу этаптарына өткөндө пландаштырып жатабыз.

- Сиздин компьютердик спортто ойногонуңузга ата-энеңиздин көз карашы кандай?

- Ата-энем такыр каршы эмес. "Ойной бер, бирок үйдөгү жумуштарды аткар жана жакшы оку", - деп айтышат. Мектепти жакшы ийгиликтүү бүтүп, жалпы республикалык тесттен жогорку баллга ээ болдум. Учурда жогорку окуу жайда окуйм. Азыр мен жакшы жыйынтыктарды көрсөткөндө ата-энемдин жашыруун жылмаюусун байкап калам.

- Учурда кайсы мелдешке даярдык көрүп жатасыз?

- Жакынкы мелдеш "ARES" уюмунун "ESL Female Open Spring-2018" турнири. Бул мелдеште жалпы байге фонду 52 миң долларды түзөт.

Жамиля Алагозованын оюндарынан үзүндү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
FlFA-UEFA
2017-12-28 21:50:49
Мунусу дагы эмне балееси экен?
+1
imanchik
2017-12-29 00:39:49
Жаман эмес
-1
Aitun
2017-12-29 01:19:26
Мага жакбайт азгырык кечке компютер ойнойтда. Эркектердики билинбейт эми элестет Кыргыздын кызы эртен эрге тийсе кечке атыш ойноп отурса компютерде баласын карабай.башка олкодо кечке сигарет чегип эки уч компютерди тиктеп ойногон кыздарды укам алар эми менталитет башкада
+3
Mavlyuda
2017-12-29 08:29:09
атың чыкпаса жер өрттө дегендейле кеп да бул. Менин оюмча комптон игра ойноп отура бергендер психикалык жактан ни то
-1
sirgak_92
2017-12-29 09:47:49
Бекерчиликтин жумушу
-1
boris8907
2017-12-29 09:59:02
Жон эле пайдасы жок ойнонондон коро неси болсода жыйынтык. Бвр экен
+2
Isco23
2017-12-29 10:00:28
Молодец еее
0
kechirmeni
2017-12-29 10:06:46
Короче уйдо отуруп акча тапса неси жаман
+5
saxalinskaya
2017-12-29 10:17:40
Компьютер оюндары азарт,убакытты текке кетируу.
Мен да ооруйм candy crush saga оюну менен)))).1503-баскычына келдим.Оюндун буто турган туру жок эч эле.Студент убактан баштаган элем азыр эки баланын энеси болуп калдым))
+3
aibi8984
2017-12-29 10:19:37
Кумар
0
Matahara1980
2017-12-29 16:20:13
Forge of Empire ойногондор барбы, мен 2015 жылдан бери ойноп келатам
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан