"Супер хитке" Назми Байзакованын элди патриоттуулукка үндөгөн "Манас" ырынын клиби кошулду

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар жуманын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.

Бул ирет эң аз добуш алган чыгарма сынактан четтетилип, анын орду Назми Байзакованын аткаруусундагы "Манас" видеокомпозициясы менен толукталды.

Сөзү Шахзада Авсаматовага, обону Эркин Мээркановго таандык "Манас" ырынын клиби "Синемарт" студиясы тарабынан тартылган. Жалпысынан видеокомпозиция 3 айда даяр болгон.

"Бул ыр "Манас" эпосу жөнүндө эмес, жалпы кыргыз эли тууралуу жазылган. Клипти стилисттердин, Кыргыз эл акыны жана манасчылардын кеңешин угуп, анан тарттык. Алар "Манас" эпосун жайылтуу чечимибизди колдошту. Ырчылар бир гана той-ашка жарай турган эмес, патриоттуулукка үндөй турган да чыгармаларды аткарып туруусу зарыл", - дейт Назми.

20-ДЕКАБРДАН 27-ДЕКАБРГА ЧЕЙИН ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫНА КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ

10-орун - Жакут Сыдыков менен Гүлсүн Бостонкулованын тамашалуу "Бассам, турсам" ыры эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилди.

9-орун - Айжамал Кабылованын "Ата-эне" деп аталган клиби да мурунку аптага салыштырмалуу аз добушка ээ болгон.

8-орун - Тотомидин Жолдошевдин "Ошко" клиби бул ирет өткөн аптадагы рейтингден 1 тепкичке жогорулаган.

7-орун - "Добулбас" тобунун "Жайна" клиби мурунку жумага караганда 3 тепкичке төмөндөгөн.

6-орун - "Non-Stop" дуэтинин "Жаныма кел" ырынын клиби 6-орунда.

5-орун - Асел Кадырбекованын аткаруусундагы "Жаныңда болсом дейм" клиби да өткөн апталарга салыштырмалуу азыраак добушка ээ болгон.

4-орун - Аида Маканбаеванын "Өмүрлөшүмө" чыгармасы 4-орунду багындырган.

3-орун - Мээрим Карыпованын "Күндөйүм" чыгармасы бул ирет алдынкы үчтүккө илинген.

2-орун - Мурунку жумада 1-орунга ээ болгон Нурлан Насиптин аткаруусундагы "Жүрөгүм" видеокомпозициясы бул ирет 2-орунда.

1-орун - Ал эми өткөн аптада тизмеге жаңы кошулган Ильяз Абдыразаковдун аткаруусундагы "Сенин көзүң башкача" чыгармасы биринчиликти багындырган.

Сүйүктүү композицияңызды алдынкы орунга чыгаруу сиздин колуңузда. Ал үчүн бул шилтеме аркылуу "Супер-хиттин" добуш берүү бөлүмүнө өтүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kumarchik
2017-12-27 13:37:56
Ильяз иним молодец
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан