Ошто 3 жашар баланы кичи автобус сүзүп кетип, ал каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты. Маалым болгондой, кичи автобустун айдоочусу унаасы менен 25-декабрь күнү шаардын чыгыш тарабындагы көчөлөрдүн биринде 2014-жылы туулган баланы сүзүп алып, алган жаракатынан улам бала ооруканага жетпей каза болуп калган.
"Бала ата-энесинин кароосу жок калып, унаа жолго чыгып кеткен. Натыйжада аны кичи автобус сүзүп кетип, алган жаракатынан улам ооруканага жетпей каза болуп калган. Ал эми унаанын айдоочусу убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда териштирүү иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти башкармалыктан.