Бишкек-Ош жолунда төрт кар көчкү түшүп, эки унаа көчкүгө кабылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирди.
"Кечээ, 26-декабрдан баштап аба ырайы бузулгандыктан өлкөнүн бир канча аймактарында өзгөчө кырдаалдар жаралды. Бишкек-Ош жолунда үч жерден көчкү түшүп, учурда тазалоо иштери жүрүп жатат. Төртүнчү көчкү жарым саат мурун 198-чакырымда түшүп эки унаа көчкүгө кабылды. Азыраак көчкү экен, адам өмүрүн жоготуулар болгон жок. Таласта түнкү саат 3тө секундасына 30 метрге жеткен шамал болуп, бир нече үйлөрдүн чатырларын алып кетти. Саат 6дан баштап жергиликтүү бийлик менен ӨКМ иштеп жатат. Биз түзүлгөн кырдаалды жоюу иштерин мындан ары улантабыз", - деди Боронов.