Казакстандын Караганда шаарында өткөн бокс боюнча эл аралык мелдеште Кыргыз спортчулар 1 алтын жана 1 күмүш медаль жеңип алышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын бокс федерациясынан билдиришти.
Мелдеш Казак ССРнин эмгек сиңирген машыктыруучусу Галым Жарылгаповдун элесине арналган.
"Бул жылы эл аралык мелдеш Казакстан, Өзбекстан, Индия, Монголия, Орусия жана Кыргыз өлкөсүнүн спортчуларынын катышуусунда өттү. Кыргыз өлкөсүнөн 12 спортчу катышты. Мелдештин жыйынтыгында 69 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан мушкер Абдурахман Абдурахманов чемпиондукту багындырды. Ал финалдык беттеште казакстандык Демежан Сайдагали менен күч сынашып, техникалык нокаут менен жеңип алды.
Мындан тышкары 49 килограммга чейинки салмак ченинде Мирлан Түркбай уулу финалга чыккан. Бирок, тилекке каршы, жеңилүү ызасын тартып, күмүш медалын тагынды", - делет маалыматта.