Салман Хан - Болливуддун эң таанымал актёр, ырчы жана алып баруучусу. Көпчүлүккө "Тоннелдеги жарык", "Султан", "Сокку" жана башка тасмалары аркылуу таанымал актёр 1965-жылы 27-декабрда Индияда туулган.
Ата-энеси кино тармагында эмгектенген адамдар болгондуктан 1988-жылы алгачкы дебюттук ролун аткарган. Бирок ал образы калың элдин эсинде сакталып калган эмес. Кийинчерээк "Мен сен үчүн киммин?", "Сүйүүдөн коркуунун кереги жок", "Менин сүйүктүүм" жана башка бир топ тасмаларга тартылып, атактуулуктун туу чокусуна жете алган.
1999-жылдардан тарта ал тартылган "Түбөлүк сеники", "Өнөктөш", "Мага турмушка чык" жана башка тасмалар Болливуддагы эң кирешелүү фильмдердин катарын толуктаган.
2004-жылы америкалык "People" басылмасынын жыйынтыгы боюнча Индиядагы эң сымбаттуу мырза аталса, дүйнөдөгү сымбаттуу мырзалардын ичинен 7-орунду ээлеген.
Белгилүү актриса Айшвария Рай менен болгон мамилеси тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында байма-бай айтылып келген. Ал эле эмес, актриса башкага турмушка чыгып кеткенине ачууланган Салман Хан аны ар кандай жол менен коркутуп-үркүткөнгө чейин барганы айтылат. Мындан улам Райдын ата-энеси укук коргоочуларга кайрылууга аргасыз болушкан.
Салман Хан тууралуу кызыктуу фактылар:
27-декабрга карата жылнаама.