Кыргыздын футзал боюнча калысы "Дүйнөнүн мыкты калысы" наамы үчүн ат салышууда

Футзал боюнча Кыргыз калысы Нурдин Букуев "Дүйнөнүн мыкты калысы" наамына ат салышууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынан билдирди.

Маалыматка караганда, "Futsal Awards" сыйлыгынын алкагында 10 категорияда дүйнөнүн мыкты оюнчулары жана калыстары сыйланат. Нурдин Букуевден тышкары "Дүйнөнүн мыкты калысы" наамы үчүн дагы 9 калыс ат салышууда. Алар Гватемала, Египет, Соломон аралдары, Япония, Уругвай, Аргентина, Жаңы Зеландия, Румыния жана Хорватия өлкөлөрүнүн калыстары.

"Futsal Awards" сыйлыгы 2000-жылдан баштап жыл сайын өткөрүлөт. 10 категориядагы мыктыларды футзал боюнча дүйнөнүн алдынкы адистери аныктайт. Добуш берүү 1-8-январь аралыгында өтмөкчү. Ал эми сыйлыктын ээлери 10-январда аныкталмакчы.

Айта кетсек, Нурдин Букуев 2017-жылы футзал жаштар арасындагы (U-20) Азия чемпиондугунда, клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда жана Жабык имараттагы Азия оюндарында калыс болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
murat17
2017-12-27 16:27:14
башка улуттагыларга тартып койбосо эле болду
0
nishantashmativa
2017-12-29 00:54:31
Алгааа мыкты калыс наамын женип алышы үчүн каршы эмеспис..утсун...башка мамлекеттерге эле тартып койбосо утушу мүмкүн
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан