Ошто жеңил унаа Ак-Буура дарыясына түшүп кетип 1 жүргүнчү каза болду

Ош шаарында жеңил унаа Ак-Буура дарыясына түшүп кетип, 1 жүргүнчү каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Алардын билдирүүсүнө караганда, аталган жол кырсыгы 26-декабрдан 27-декабрга караган түнү саат 23:30дар чамасында болгон.

"Унаада айдоочу жана 3 жүргүнчүсү болгон. Алардын бири каза болуп, калгандары жеңил жаракаттарды алышкан. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Girl1996
2017-12-27 16:17:07
Allah shypaasyn bersin
+1
Nurik1992
2017-12-27 18:21:46
каттуу ылдамдыкта бараткандарды Ош шаарынын маичилери корбойт эч эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан