Чоң-Алай районунда шамал турак жайлардын чатырын толугу менен учуруп кетти

Бүгүн, 27-декабрь күнү таңкы саат 6:30да Ош облусунун Чоң-Алай районунда катуу шамал катталып, айрым үйлөрдүн чатырлары зыянга учурады. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, шамал райондогу Дароот-Коргон айылындагы 5 турак үйдүн шиферлерин, №16-жол тейлөө ишканасынын имаратынын 10 чарчы метр шиферин жана 2 турак үйдүн чатырын толугу менен учурган.

Азыркы учурда келтирилген зыян аймактын Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан жеринде такталууда.

27-декабрга караган түнү Чүй жана Талас облустарында да суу кардын калың түшүшү жана катуу шамалдын болушу айрым райондордо электр жарыгынын өчүрүлүшүнө себеп болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан