Жалал-Абад шаарынын прокуратурасы ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине кылмыш иш козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 29-октябрда ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайдын кызматкерлери М.М кармалып турган камеранын эшигин ачык калтырып койгон. Андан соң, башка камерада кармалган Т.Ж. жана Н.Э соттолуучулары М.Мдин камерасына кирип ага кайнак суу чачып салган.
Муну менен убактылуу кармоочу жайдын кызматкерлери мыйзамды бузуп, аларга карата кылмыш 304-берененин (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана (шалаакылык, этиятсыздыктын айынан адам өлүмүнө алып келүү) негизинде кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери уланууда.
Ошондой эле, Т.Ж. жана Н.Э. соттолуучуларга карата 112-беренеси (саламаттыкка атайылап жеңил залал келтирүү) боюнча кылмыш иш козголду.