Чүй районунда дискотека уюштурган мектеп окуучулары түтүнгө ууланды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Назира Имангазиева билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 27-декабрда Исаев атындагы орто мектептин 7-8-классынын окуучулары электр жарыгы жок болгондуктан мектептин спорт залында электр жарыгын чыгаруучу генератордун жардамында дискотека уюштурушкан. Саат 17:00гө карата генератордун түтүнүнө ууланган 50гө жакын окуучу ооруканага кайрылган.
"Учурда дарыгерлерге кайрылган окуучулардын абалы туруктуу. Бул факт боюнча териштирүү иштери башталды. Учурда Чүй ОИИБинен жана райондук ички иштер бөлүмүнөн ыкчам тергөө тобу чыгып, окуя болгон жерде териштирүү иштери жүрүүдө. Бул боюнча кошумча маалыматтар териштирүүнүн жыйынтыгы менен берилет", - деди Имангазиева.