Чүйдө түтүнгө ууланып ооруканага түшкөн окуучулардын саны 70тен ашты. Алты окуучу оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат

Чүйдө түтүнгө ууланган окуучулардын саны 70тен ашты. 6 окуучу оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди.

"Саат 15:30да биринчи уулангандар келип баштаган. Бүгүн кечке чейин ооруканага кайрылып, 75 адам жаткырылды. Алардын 71и окуучулар, төртөө мугалимдер. Көбүрөөк ууланып калган 6 бала жандандыруу бөлүмүндө жатат. Алардын абалы оор, бирок туруктуу. Дарыгерлер кайрылгандардын баарына медициналык жардам көрсөтүп, катуу көзөмөлгө алууда", - деди Айгерчинова.

Белгилей кетсек, бүгүн, 27-декабрда Чүй районунда дискотека уюштурган мектеп окуучулары түтүнгө ууланган. Аймакта электр жарыгы болбогондуктан окуучулар мектептин спорт залында электр жарыгын бөлүп чыгаруучу генераторду пайдаланышып, анын түтүнүнө ууланып калышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
grace
2017-12-27 21:46:12
Кудай сактасын, жакшы болуп кетишсин!
+5
Baiana
2017-12-27 22:55:13
Болбогон майрам деп ушунча азап тартыш жакшыбы ,?Мугалимдерге да түшүнбөйсүң ,балдардын коопсуздугунан да майрам өткөрүш ушунчалык заарыкпы ,свет жокпу токтотуш керек болчу .
-5
fea1990
2017-12-27 23:07:51
Дискотека эмес балким жаны жылдык майрам болсо керек
+9
aminali
2017-12-27 23:32:37
дискотека эмес жаны жылдык кече 102 жетиптир мугалимдер менен
+6
Benazir08
2017-12-27 23:44:18
Бизде деле свет очуп генератор мн дискотека кылчубуз. Кышкы балл уюштуруп, анчалык больошу керек эле айнектерин ачпай коюшса керек да. Эсен эле бололу...
+1
pondarum
2017-12-28 05:52:47
Геноротордун тутун чыккан трубасына труба улап окошкадан чыгарып койсонор мындай болмок емес еми жакшы болуп кеткиле ертереек, Жаны жыл жакындап калды,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан