Санкт-Петербургда жардыруу болуп 10 адам жаракат алды

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында жардыруу болуп 10 адам жаракат алды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматта жазылгандай, Санкт-Петербургда жайгашкан дүкөндөрүн биринде белгисиз зат жарылган. Жардыруунун кесепетинен 10 адам жаракат алып, анын ичинен 4 адам ооруканага жеткирилген.

Орусиянын ӨКМ тараткан маалыматтарга караганда белгисиз зат саат 18:55те (Москва сааты боюнча) жарылган. Окуя болгон жерге келген куткаруучулар дүкөндүн ичинен 70 адамды эвакуациялаган.

Азыркы тапта кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жаткандыгын Орусиянын ички иштер министрлиги билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
kechirmeni
2017-12-28 06:51:13
Байкуш мигранттар дагы кыйналат экен да
+7
Nevestkaa
2017-12-28 08:55:14
Бир акмактын айынан дагы бизге кысым болот экен да.
+7
Gulnyr19
2017-12-28 09:48:40
Ээ Аллахым тынч гана иштеп кетели
+5
Saidochka
2017-12-28 10:03:34
Дагы Бир кыргызды кармап чыгышпаса болду...
+1
kayratbek81
2017-12-28 10:36:35
Бул нерселерди бир Аллах билет.Бул нерсе атайын жасалышы да мумкун себеби Полициянын санын кобойтуш керек же акчасын.Мигрантардын бироосу камерага тушсо болду ошону баса калышат.Эх аллахым бодо кырсыктан,курултай дооматтан озун сакта бир туган мусулмандарды амиин!
.
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан