Бүгүн, 28-декабрда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин иши каралууда. Отурумдун жүрүшүндө Исаевдин жактоочусу Слесарев сот Абдуразак Боромбаевдин ишти кароонун жүрүшүндө кемчиликтерди кетиргенин айтты. Ошону менен бирге жактоочулардын өтүнүчүн бир нече жолу четке какканын айтып, сотко ишенбөөчүлүк көрсөтүп ишти башка сот кароосун талап кылды. Сот кеңешме бөлмөсүнө кирип чыгып, жактоочунун бул аракетин сот отурумун создуктуруу аракети катары баалап, анын талабын канааттандырган жок.
Эскерте кетсек, Исаевдин Биринчи Май райондук сотунда дагы бир иши каралып жатат. Ал 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда "пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп айыпталууда. Анда Исаев 2009-жылы Токмок шаарынын мэри болуп турганда 8 гектар жер тилкеси жатаканасы менен бирге 3 миллион 200 миң сомго сатылганы соттук териштирүүдө айтылган. Бирок мамлекет тарабынан түзүлгөн эксперттик топ 2016-жылы экспертиза жүргүзүп, мүлктүн баасы 17 миллион сомдон ашык акчага бааланганы маалым болгон.