Казакстанда өткөн кинологдор мелдешинде КРнын Чек ара жана Бажы кызматтары 2-орунду ээледи

31-майдан 4-июнга чейин Казакстандын Алматы шаарында кинологдордун мелдеши өттү. Анда Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан менен Орусиянын мамлекеттик чек ара жана бажы кызматынын кинологдору өздөрүнүн мыкты делген иттери менен биринчиликке ат салышты. Аталган иш-чара “Борбордук Азияда чек араларды башкаруу” программасынын 10 жылдык мааракесинин урматына уюштурулду. Жарышта Мамлекеттик Чек ара кызматына караштуу Ош аэропортундагы чек ара көзөмөл пунктунун кызматкери Мурат Дооронов өзүнүн ити менен 1-орунду ээледи. Ал эми жалпы эсепте КРнын Чек ара жана Бажы кызматтары 2-орунду ээледи.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
inoplanetyanin
2013-06-05 09:42:48
oo erte mn jakwy kabar!
0
AnarRazakovich
2013-06-05 10:56:54
азамаааат!!!
0
betman
2013-06-05 11:02:05
Азыр сага ойноп чардай турган убакыт бекен? Тажиктер чек аранды бузуп, элге кол салып жатса!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан