Ошто 25 жаштагы жаран кошунасын сабап кийин үйү менен кошо өрттөп жиберген деп шектелип кармалды

Ош шаарынын Ош көчөсүндө өрттөнгөн өз үйүндө жансыз денеси табылган адамдын өлүмүнө шектелип 25 жаштагы С.Б. аттуу коңшусу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрда Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алардын айтуусуна караганда, шектүү каза болгон адам менен бир көчөдө жашаган.

"Шектүү бүгүн, 28-декабрда кармалды. Ал каза болгон адамдын коңшусу болгон. Ал кылмышты моюнуна алып, окуянын кандай болгонун айтып берген. Көрсөтмө бергенде ошол күнү мас абалында коңшусун тоноо үчүн анын үйүнө киргенин, үй ээси көрүп калганда ортодо мушташ чыкканын айткан. Ачууга алдырган шектүү кошунасын отвёртка менен сайып өлтүргөнүн, аялы кыйкыра бергендиктен аны дагы сабаганын айткан. Ошондой эле көрсөтмөсүндө окуя болгондон кийин качып чыгып кеткенин, өрт болсо каза болгон адам аны менен мушташып жаткан учурда аңтарылып кеткен мештен улам чыкканын айткан", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Андан сырткары учурда шектүү убактылуу кармоочу жайда кармалып турганын, иликтөө иштери жүрүп жатканын да кошумчалашты.

Айта кетсек, буга чейин Ош ШИИБинен Ош шаарынын Ош көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде киши колдуу болуп өлтүрүлүп, кийин үй-жайы менен кошо өрттөлгөн жарандын жансыз денеси табылганы тууралуу кабарлашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан