Чүй облусунун Москва районунда поезд Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унааны сүзүп, кырсыктан 2 адам жаракат алды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Алардын айтуусуна караганда окуя бүгүн, 28-декабрда саат 7:20лар чамасында болгон.
"Унааны 48 жаштагы Москва районунун тургуну айдап бара жаткан. Ошондой эле унаада 19 жаштагы жүргүнчү кыз болгон. Айдоочу темир жолдун боюндагы жол белгинин күйгөнүнө карабай өтүп кетем деп аракет кылган, бирок жетишпей калган. Экөө тең жеңил жаракат алып, ооруканага жеткирилген", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.