Англиялык "Ливерпуль" футболдук клубу коргоочу үчүн рекорддук баага Вирджил ван Дейкти сатып алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка караганда, коргоочу Вирджил ван Дейк "Саутгемптондон" "Ливерпуль" клубуна өткөн соң футболдун тарыхында эң кымбат коргоочу болду. "Ливерпуль" голландиялык футболчу үчүн 84 миллион 500 миң евро төлөдү. Андан тышкары, Вирджил ван Дейк "Ливерпуль" клубунун тарыхында эң кымбат футболчу да болду.
Ал эми дүйнөдөгү эң кымбат футболчу учурда Неймар экени белгилүү. Быйыл франциялык ПСЖ ал үчүн испаниялык "Барселонага" 222 миллион евро төлөгөн.
Маалымдама:
Вирджил ван Дейк 25 жаштагы голландиялык футболчу, "ВДС-19" жана "Виллем II" футболдук мектептердин тарбиялануучусу. Футболдук карьерасын 2011-жылы Голландия чемпиондугундагы "Гронинген" клубунда баштаган. Анда ван Дейк "Гронинген" менен 2 жылдын ичинде 62 оюнга катышып, 7 гол киргизгенге үлгүргөн.
2013-жылы шотландиялык "Селтик" клубу ван Дейкти 3 миллион еврого сатып алган. Ошол жылы Вирджил ван Дейк "Селтик" клубу менен Шотландия чемпиондугун уткан. 2015-жылы Шотландия лигасынын кубогун багындырган. Вирджил ван Дейк "Селтик" клубунун курамында, жалпы 76 оюн өткөрүп, анда 9 гол жараткан.
2015-жылы англиялык "Саутгемптон" клубуна 16 миллион еврого өткөн. Бул клуб менен Вирджил ван Дейк азыркы тапка чейин 67 оюнга катышып 4 жолу гол киргизген.
Вирджил ван Дейк боюнун узундугу жана коргоо бөлүктө мыкты оюн аткаруусу менен айырмаланат. 193 сантиметр бою менен ван Дейк атаандашынын абадан узатылган чабуулун башы менен тосуп алып, узун буту менен чабуулчулардан топту кыйынчылыксыз тартып алат.
Вирджил ван Дейк 2017-2018-жылдын сезонунда 12 беттешке катышып, 993 мүнөт оюн өткөргөн. Анда ван Дейк 78 жолу атаандашынын чабуулун токтотуп, 29 жолу атаандашынан топту тартып алган. Вирджил ван Дейктин абада күрөштөрдүн жеңүү коэффициенти 74 пайызга барабар. Ван Дейк 4 айдын ичинде 81 абадагы күрөштөн 60 жолу жеңүүчү болгон.