Чүй облусундагы Кара-Балта шаарында жолдон өтүп бара жаткан адам менен пикир келишпестиктен улам аны бычак менен сайып салган деп шектелип 19 жаштагы тургун кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 26-декабрда милиция кызматкерлерине 22 жаштагы жарандын бычактан жаракат алып ооруканага түшкөнү тууралуу маалымат берилген. Бул окуя боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп жабыр тарткан адам Кара-Балта шаарынын 22 жаштагы Ш.К. аттуу тургуну экени белгилүү болгон. Ал Кара-Балта шаарында түн ичинде бара жатып белгисиз адам менен ортодо пикир келишпестик жаралып, аны бычак менен сайып салганын айткан.
Кийин аталган кылмышка шектелип, Кара-Балта шаарынын 19 жаштагы З.Н. аттуу тургуну кармалган. Ага карата 104-берене (ден соолукка атайлап зыян келтирүү) менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга жеткирилген.