Улан Саляновдун өлүмүнө шектелип кармалган адам анын үйүнө барып окуя кандай болгонун көрсөтүп берди

Депутат Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмүнө шектелип кармалган адам бүгүн, 28-декабрда маркумдун үйүнө барып окуя кандай болгонун тергөөчүлөргө көрсөтүп берди. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Улан Саляновдун жакындары кабарлашты.

Ал эми Аида Салянова кармалган адам боюнча өз оюн билдирип, аны инисин өлтүргөн адамдардын бири деп саноодон күмөн санай турганын айтты.

ИИМдин маалыматы боюнча, 27-декабрь күнү кечинде Саляновдун өлүмүнө шектүү катары 1986-жылы туулган Бишкек шаарынын Э.О. аттуу тургуну кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Шектүү кармалган учурда анын жанынан Салянов атылган "Макаров" тапанчасы 17 огу менен табылган.

"Шектүү алдын ала сурак учурунда күнөөсүн моюнуна алды. Анын жанынан табылган тапанча экспертизага жиберилди. Учурда Саляновдун өлүмүнө катыштыгы бар адамдарды кармоо үчүн издөө жана тергөө иштери улантылып жатат", - деп билдиришкен ИИМден.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 6-ноябрына караган түнү депутат Аида Салянованын 42 жаштагы иниси Улан Саляновду Бишкекте белгисиз адамдар өз үйүнөн атып кетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
samsungc3
2017-12-28 21:38:12
Бирөөнүн мойнуна илбеди бекен?
+25
FlFA-UEFA
2017-12-28 21:48:53
samsungc3, Уландын озуно окшогон, дагы бир жонокой шордуунун жок жерден гулу соолудуго(((.
+28
kechirmeni
2017-12-28 22:25:27
Сени кийин чыгарып алабыз мюнуна ала бер ишти жабышыбыз керек деши да мумкун озунун адамын коюп. Бир нерсе деш кыйын
+14
jbolotov
2017-12-28 22:37:45
Аида Салянова озуда кумон санап атыптыр деп жазылып турат, анында билгени бардыр.
+13
Eli.91
2017-12-28 22:40:23
Ишениш кыйынго,бир ОЗУ Жана Аллах билет чындыгын.
+10
rysik79
2017-12-28 23:07:24
Курулай дооматтан сактай кор Кудайым. Жон жерден эле Макаров табылып анан да барып корсотуп бир Кудай бир озу билет. Эмнеси болсо да акыйкат тергоо журсун.
+8
gumigumi1990
2017-12-28 23:22:36
Эх,укук коргоочулар. Силер укук коргобой эле наоборот кордойсунар го. Силерге ишеним жок.
+10
FlFA-UEFA
2017-12-29 00:03:36
Улан брода ото жонокой киши болгон экен.
+5
taku1414
2017-12-29 00:13:07
Кантип бат эле мойнуна алды. Суйлошуп алышкандай...
+3
FlFA-UEFA
2017-12-29 00:35:39
taku1414, Подстава.
+3
kuba1983
2017-12-29 00:53:43
Албетте бир бей бечараны акча берип күнөөнү аласың деди болуш керек. Өлтүргөн адам жүргөндүр чардап өлтүрткөндүн көлөкөсүндө.
+3
Aitun
2017-12-29 01:13:39
Менимче чон акча берип мойнуна ала бер дештида чыгарып алабыз деп. Салянова тубуно жетсе керек баары бир
+2
Kompis
2017-12-29 05:17:45
Ал дейбиз бул дейбиз Аллах озу жазасын берет бул дуйнодо болбосо аркы дуйнодо
0
Teke4444
2017-12-29 08:16:47
Айланайын Кыргыздар, кылмыштын бетин ачса мойнуна илди дейсинер, кылмыш бети ачылбаса укук коргоочулар иштебей жатат дейсинер.Сабырдуу болойлу
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан