"Ёлки новые" фильминдеги актёрлордун буюмдары аукционго коюлат

"Ёлки новые" тасмасындагы актёрлор Иван Ургант жана Дмитрий Нагиевдин буюмдары интернет аукционуна коюлат. Бул тууралуу орус басылмаларына фильмдин режиссёру Тимур Бекмамбетов билдирген.

"Эл тасманы көрүп гана тим болбостон, андагы өзүнө жаккан буюмдарды сатып алууга мүмкүнчүлүк алат. Сатыктан түшкөн каражат толугу менен кайрымдуулук фондуна өтөт", - деген ал.

Тасмадагы буюмдардын ичинен азырынча жогоруда аталган актёрлорго таандык балка, балта, кишен, одеяло, режиссёр жана актёрлордун автографы түшүрүлгөн кинонун афишасы жана башкалар сатууга коюлган.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан