Астанада үч киши террорчулукту үгүттөөгө шектелүүдө

Казакстанда “терроризм пропагандасына” шектелген үч киши кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетине таянып жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, шектүүлөр айланасындагы кишилерди эл аралык террордук уюмдарды колдоого, алардын ишмердүүлүгүнө кошулуу үчүн чет өлкөгө чыгууга үндөшкөн. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

"Буга чейин ноябрдын соңунда Алматы полициясы “коомдук тартипти бузуу” акциясын өткөрүүнү пландаган топ кишини кармаганын кабарлаган. Алматы шаарынын Ички иштер департаменти бул боюнча “терроризмди пропагандалоо же террордук акт жасоого чакыруу” беренеси боюнча иликтөө жүрүп жатканын билдирди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан