Кыргыз мушкери Акжол Сулайманбек уулу Орусиянын Екатеринбург шаарында өтө турган профессионалдык бокс боюнча мелдешке катышат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Кыргыз мушкери Акжол Сулайманбек уулу 13-февралда өтө турган "RCC Boxing Promotions" уюмунун мелдешине катышып, казакстандык Миржан Жаксылыков менен туш келет.
Айта кетсек, Акжол Сулайманбек уулу профессионалдык карьерасында 9 беттеш өткөрүп, бардыгында жеңишке жеткен. Анын ичинен 4 беттеште атаандашын нокаут менен жеңип алган. Ал эми казакстандык мушкер Миржан Жаксылыков 13 беттеш өткөрүп, анын ичинен 10 жолу жеңишке жетип, 3 жолу жеңилүү ызасын тарткан.
Эске салсак, Акжол Сулайманбек уулу Азиянын бокс кеңешинин чемпиондук курунун ээси. Акжол 2-майда Орусияда өткөн "Extra Round 2" мелдеште орусиялык Денис Лашинге туш келип, 8 раунддук тирештин жыйынтыгында упай катыштыгында жеңүүчү аталган.