Бажы кызматынын инспекторлору ЕАЭБге 26 миллион сомдук чыгым келтиришти

Мамлекеттик Бажы кызматынын бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык системине мыйзамсыз кирүү болду. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2017-жылдын 19-октябрында "Ош" бажысынын А.К. аттуу инспектору өзүнүн логини менен бирдиктүү автоматташтырылган системине кирип "Экспорт" жол-жобосун бекиткен. Бул жол-жобо Беларустан Кытайга жана Грузияга бара жаткан товарларга байланыштуу болгон. Бирок товарлар бажы пунктунан Кыргыз өлкөсүнөн чет жерге чыккан эмес.

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлеринин жана башка тийиштиги бар адамдардын мыйзамсыз иш-аракеттеринен улам ЕАЭБдин Бажы биримдигине 26 миллион 386 миң сомдук чыгым келтирилген.

Бул факты боюнча Башкы прокуратура "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "кызматтык жасалмачылык" жана "бажы жыйымдарын төлөөдөн четтөө" беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
almanbetperm
2017-12-29 12:44:48
Биздикилер только чыгымга иштешетго, оздорунун пайдасына
0
Kyrgyz06
2017-12-29 14:55:32
Коррупция курош байкалбайт алты жыл мурун бир Адам да айткан курошом деп,конкуренттерин гана жазалап жатышат билбесенер ичип жегендерди биз эл жардам берели аты жонуно чейин атап берели
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан