Футбол боюнча Кыргыз калыстары эл аралык мелдештерди тейлөөгө мүмкүнчүлүк берген ФИФАнын төш белгисине ээ болушту

Футбол боюнча Кыргыз өлкөсүнүн калыстары эл аралык мелдештерди тейлей турган ФИФАнын төш белгисине ээ болушту. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, төш белги жана ФИФАнын эмблемасы эл аралык беттештерди тейлөөгө мүмкүнчүлүк берет. Алардын ичинде Азия чемпиондугунун, Дүйнө чемпиондугунун жана Олимпиада оюндарынын тандап алуу жана финалдык этаптагы беттештери бар. Жалпы эсепте төш белгилерге 17 калыс ээ болушту, алардын ичинен 4 калыс төш белгисине алгачкы жолу ээ болду. Алар: Рамина Цой, Вероника Бернацкая, Эрмек Келдибеков жана Хусан Жалалдинов.

2018-жылга карата ФИФАнын тизмесине кирген Кыргыз калыстар:

Сергей Грищенко, Нургазы Чолпонбаев, Нурдин Букуев, Дмитрий Машенцев, Спартак Даниленко, Исмаилжан Талипжанов, Бахадыр Кочкаров, Замир Чыныбеков, Артем Скопинцев, Чыңгыз Мустафаев, Рысбек Шекербеков, Тимур Файзуллин, Элдияр Салыбаев, Рамина Цой, Вероника Бернацкая, Эрмек Келдибеков, Хусан Жалалдинов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Baiaman07
2017-12-29 12:07:46
Азаматсыңар ийгилик
+1
gute
2017-12-29 12:16:16
Буйруса ЧМ 2018де биздин судьяларды да корот турбайбызбы
0
Isco23
2017-12-29 16:19:31
gute,катышпайт ага. Биздин судьялар анчалык масщтабдуу оюндарга бара албайт. Чыкса азия кубогуна. Лииги чемпионов азии дагы башкаларга чыгышы мумкун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан