Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевге тагылган кылмыш иши боюнча сот отурумунда жактоочуларынын жарыш сөзү уланууда. Отурум учурунда ишти карап жаткан судья Абдуразак Боромбаев Исаевди жарыш сөзгө чыгууну буюрду. Бирок Исаев жарыш сөзгө даяр эместигин айтты. "Бүгүн даяр эмесмин. Буга чейинки отурумда даярдануу үчүн мамлекеттик айыптоочулардын жарыш сөздө сүйлөгөн сөзүн алышым керек эле, бирок бербей коюшкан. Бүгүн жактоочуларым аркылуу алып, кийинки отурумда жарыш сөзгө чыгам", - деди ал.
Андан кийин ал мамлекет тарабынан өзүнө жактоочу катары дайындалып, башка жактоочулардын катарында отурган адамдын ким экендигин сурады. "Бул ким, эмнеге бул жерде отурат? Менин макулдугум жок мага жактоочу дайындалбашы керек. Бул адам иш боюнча билбейт, эки суроомо жооп бере албайт", - деди Исаев.
Ишти карап жаткан Абдуразак Боромбаев айыпталуучунун макулдугусуз эле жактоочу дайындоого укуктуу экенин айтты.
Андан кийин Исаевдин өзүнүн жактоочусу Слесарёв бул жагдай боюнча өтүнүч келтирүүнү суранды. Бирок сот анын өтүнүч келтирүүсүнө макулдук берген жок.
Эскерте кетсек, Исаев 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда "пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп айыпталып жатат. Анда Исаев 2009-жылы 8 гектар жер тилкеси жатаканасы менен бирге 3 миллион 200 миң сомго сатылганы, шаардын борбордук базарынын жанындагы автобекеттин орду жеке тараптарга соода түйүнүн курууга берилгени соттук териштирүүдө айтылган. Бирок мамлекет тарабынан түзүлгөн эксперттик топ 2016-жылы 8 гектар жер тилкеси жана жатакана боюнча экспертиза жүргүзүп, мүлктүн баасы 17 миллион сомдон ашык акчага бааланганы маалым болгон.
26-декабрдагы сот отурумунда мамлекеттик айыптоочулар Исаевдин мүлкүн конфискациялоо менен бирге күчөтүлгөн тартипте 20 жылга эркинен ажыратууну өтүнүшкөн.