Токмокто каракчылар кол салган үй-бүлөнүн дагы бир мүчөсү көз жумду. Мындай маалыматты бүгүн, 29-декабрда SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин Токмокто каракчылар 44 жаштагы аялдын үйүнө кирип, 25 жаштагы улуу баласын өлтүрүп кетишкендиги жазылган. Мындан тышкары алар аялдын өзүнө, маркумдун инисине жана 2 айлык кош бойлуу аялына оор жаракат келтиришкен.
"Бүгүн эртең менен дарыгерлердин көргөн катуу аракеттерине карабай каракчылар оор жаракат келтирген 22 жаштагы жигит эсине келбей көз жумду. Ал баш мээсинен ачык жаракат алган, чыкый сөөгү жабырланган жана башында бир канча жаракаттары болгон. Кечээ эртең менен ага операция жасалып, оор абалда дарыгерлердин көзөмөлүндө болгон", - дейт маалымат катчы.
Ал эми маркум жигиттердин апасы, 44 жаштагы аялдын абалы учурда оор, Токмок шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө. Анын улуу баласынын аялы, 16 жаштагы келининин абалы туруктуу, травматология бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө.
Чүй ОИИББинен маалымдалгандай, аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам иликтөө иштери жүрүп жатат.