Салянованын иши каралып жаткан соттук отурум түштөн кийин уланат

Бүгүн, 29-декабрда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын иши каралды. Отурумдун жүрүшүндө кылмыш ишин изилдөө бүтүп, депутат айым көрсөтмө берди. Ал өз сөзүндө Елисеевдин жактоочулук лицензиясынын мөөнөтүн узартууда эч кандай мыйзам бузуу болбогондугуна кенен токтолду. Андан соң "түштөнүү убактысы болуп калды, отурумду токтотолу" деген жактоочунун өтүнүчүн четке каккан сот отурумду саат 12:30га чейин улантты. Жактоочу түштөн кийин жеке иштери бар экенин айтса да, сот отурумду түштөн кийин саат 13:30да улантуу чечимин кабыл алды.

Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 10-октябрда Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан