Биринчи Май райондук сотунда депутат Канат Исаевдин кылмыш иши боюнча айыпталып жаткан 6 адамдын айрымдары жарыш сөзгө чыгышты. Айыпталып жаткандардын бири, Бактыбек Асагалиев аттуу жеке ишкер Исаев Токмок шаарынын мэри болуп турганда 2009-жылы шаардагы жатакананы 8 гектар жер тилкеси менен бирге 3 миллион 200 миң сомго сатып алган жана башка жайдагы аялдаманын 9 сотых жер тилкесин кеңейтип өзүнүн курулуш компаниясы аркылуу мэриянын эсебине автостанция салган. Ал бүгүн жарыш сөзгө чыгып өзүнө коюлуп жаткан айыптарга каршы экенин билдирди.
"Мен жатакананы жер тилкеси менен сатып алуу боюнча тендерге арыз бергем. Жыйынтыгында утуп алдым. Бирок мен "мага бергиле" деп эч кимди мажбурлаган эмесмин, баары мыйзам чегинде болгон. Мамлекет сунуштаган мүлктү сатып алганым үчүн эмнеге күнөөлүү болушум керек?" - деп суроо салды айыпталуучу.
26-декабрдагы отурумда мамлекеттик айыптоочулар соттон Асагалиевдин мүлкүн конфискациялоо менен бирге күчөтүлгөн тартипте 16 жылга эркинен ажыратууну өтүнүшкөн.
Башка айыпталуучулар түштөн кийинки отурумда жарыш сөзгө чыга турганын айтышкандан кийин сот отурумду улантууну түштөн кийинки убакытка жылдырууну чечти.
Эскерте кетсек, Исаев 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда "пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп айыпталып жатат. Анда Исаев 2009-жылы 8 гектар жер тилкеси жатаканасы менен бирге 3 миллион 200 миң сомго сатылганы, шаардын борбордук базарынын жанындагы автобекеттин орду жеке тараптарга соода түйүнүн курууга берилгени соттук териштирүүдө айтылган. Бирок мамлекет тарабынан түзүлгөн эксперттик топ 2016-жылы 8 гектар жер тилкеси жана жатакана боюнча экспертиза жүргүзүп, мүлктүн баасы 17 миллион сомдон ашык акчага бааланганы маалым болгон.
Мындан улам мамлекеттик айыптоочулар Исаевдин мүлкүн конфискациялоо менен бирге күчөтүлгөн тартипте 20 жылга эркинен ажыратууну, калган 6 айыпталуучунун да мүлкүн конфискациялап, анын ичинен үчөөнү 9 жылга, экөөнү 18 жылга, бирөөсүн 16 жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратууну өтүнүшкөн.