Ленин РИИБинин 10-бөлүмүнүн жетекчиси мас абалында жол кырсыгына себепкер болду. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Алардын айтуусуна караганда аталган окуя кечээ, 28-декабрда саат 11:30дар чамасында орун алган.
"Ленин РИИБинин К.А. аттуу подполковниги мас абалында Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаасын айдап бара жатып Ахунбаев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жолдун жээгинде токтоп турган Subaru Legacy үлгүсүндөгү жеңил унааны сүзүп алган. Бирок унаасынан түшпөстөн жолун уланткан. Аны аркасынан кубалап барып унаасы менен алдын тосуп токтотууга аракет кылган Subaru Legacy үлгүсүндөгү унаанын айдоочусун унаасына кошуп сүзүп кеткен. Ал жеңил жаракаттарды алып ооруканага кайрылган", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Андан сырткары 2 унаа тең айып аянтчасына токтотулуп, милиция кызматкерине карата кызматтык иликтөө башталганын кошумчалашты.