Депутат Канат Исаев менен кошо айыпталып жаткандардын бири күнөөсү жок экенин айтты

Бүгүн, 29-декабрда Биринчи Май райондук сотунда депутат Канат Исаевдин кылмыш иши боюнча айыпталып жаткан 6 адамдын жарыш сөздөрү уланууда. Анда Исаев менен бирге айыпталып жаткан 2009-жылдары "Альянс Токмок" ишканасын жетектеген Каныбек Аблабеков жарыш сөзгө чыкты. Ал бул иште күнөөсү жок экенин айтты.

"Мен Токмок шаарынын тургуну, жашоочусу катары соода үйүн курууга кызыкдар болгом. Бул жерде мыйзам бузуулар жок. 2009-жылы шаардык кеңешке биздин долбоорду тааныштырып макеттерин көрсөттүм. Алар уруксат бергенден кийин мен толук курулуш боюнча керектүү кагаздарды чогултуп бүткөнчө кыш келип калды. Курулушту 2010-жылы февраль айында баштап 7-апрелдеги революциядан кийин курулуш токтотулуп, прокуратура тарабынан текшерүүлөр башталды. Мен өзүмдү күнөөлүү деп ойлобойм, прокуратура койгон күнөөлөр негизсиз. Мен 5 баланын атасы катары, чечим кабыл алганда үй-бүлөлүк абалымды эске алышыңызды суранам", - деди Аблабеков.

Эскерте кетсек, Исаев 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда "пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп айыпталып жатат. Анда Исаев 2009-жылы 8 гектар жер тилкеси жатаканасы менен бирге 3 миллион 200 миң сомго сатылганы, шаардын борбордук базарынын жанындагы автобекеттин орду жеке тараптарга соода түйүнүн курууга берилгени соттук териштирүүдө айтылган. Бирок мамлекет тарабынан түзүлгөн эксперттик топ 2016-жылы 8 гектар жер тилкеси жана жатакана боюнча экспертиза жүргүзүп, мүлктүн баасы 17 миллион сомдон ашык акчага бааланганы маалым болгон.

Мындан улам мамлекеттик айыптоочулар Исаевдин мүлкүн конфискациялоо менен бирге күчөтүлгөн тартипте 20 жылга эркинен ажыратууну, калган 6 айыпталуучунун да мүлкүн конфискациялап, анын ичинен үчөөнү 9 жылга, экөөнү 18 жылга, бирөөсүн 16 жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратууну өтүнүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан