28-декабрь күнү Нью-Йорктун Бронкс аймагында көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 12 адам каза таап, 15 адам жаракат алды. Чет элдик ЖМКлардын маалыматына караганда, каза болгондордун арасында жаш балдар да бар. Өрт 5 кабаттуу үйдүн биринчи кабатынан чыккан. Аны өчүрүүгө 150дөй өрт өчүрүүчү тартылган. Бирок азырынча өрттүн келип чыгуу себеби белгисиз болууда.
Ал эми каза болгон жана жаракат алгандардын арасында Кыргыз жарандары жок экенин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан 29-декабрда кабарлашты.