Канат Исаевдин үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум эртең, 30-декабрда уланат. Мындай чечимди Биринчи Май райондук сотунун судьясы Абдуразак Боромбаев бүгүн, 29-декабрда кабыл алды. Судья айыпталуучу Канат Исаев жана анын жактоочулары жарыш сөзгө даяр эмес экенин билдирип, отурумду кийинкиге калтырууну сурангандан кийин бул чечимге келди.
“Исаев башка ишке байланыштуу тергөө абагында. Биз даярдануу үчүн убактылуу кармоочу жайга бул иштин тергөө материалдары менен кирүүгө уруксат берген жок. Ошондуктан бул ишти кароону 2018-жылдын биринчи жумуш күнүнөн кароону суранам”, - деди жактоочу Сергей Слесарев.
Судья эртең жумуш күнү болуп жарыяланганын айтып отурумду 30-декабрга калтырды. Жактоочулар өкмөттүн ишемби күндү жумуш убактысы деп жарыялаган токтому адвокаттарга тиешеси жок экенин айтканы менен, судья аны эске алган жок.
Эскерте кетсек, Исаев 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда "пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп айыпталып жатат. Анда Исаев 2009-жылы 8 гектар жер тилкеси жатаканасы менен бирге 3 миллион 200 миң сомго сатылганы, шаардын борбордук базарынын жанындагы автобекеттин орду жеке тараптарга соода түйүнүн курууга берилгени соттук териштирүүдө айтылган. Бирок мамлекет тарабынан түзүлгөн эксперттик топ 2016-жылы 8 гектар жер тилкеси жана жатакана боюнча экспертиза жүргүзүп, мүлктүн баасы 17 миллион сомдон ашык акчага бааланганы маалым болгон.
Мындан улам мамлекеттик айыптоочулар Исаевдин мүлкүн конфискациялоо менен бирге күчөтүлгөн тартипте 20 жылга эркинен ажыратууну, калган 6 айыпталуучунун да мүлкүн конфискациялап, анын ичинен үчөөнү 9 жылга, экөөнү 18 жылга, бирөөсүн 16 жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратууну өтүнүшкөн.